Казакстанда жасалма интеллекттин жардамы менен жаңдоо тилиндеги котормосу бар мультфильмдер көрсөтүлөт

Казакстанда жасалма интеллекттин жардамы менен жаңдоо тилиндеги котормосу бар мультфильмдер көрсөтүлөт

Ата мекендик телекөрсөтүүнүн тарыхында биринчи жолу угуусу жана сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелген балдар сүйүктүү мультфильмдерин сурдо котормо менен көрө алышат. Чыгарманын тилин жасалма интеллекттин негизинде түзүлгөн виртуалдык 3D-аватары жеткирет. Учурда Silk Way телеканалы менен катар Казакстандын Президентинин телерадиокомплексинин курамына кирген «Jibek Joly» телеканалында таңкы прайм-тайм мультфильмдеринин бири жаңдоо тили менен көрсөтүлүүдө. Бул аудитория тандоо кокусунан эмес экенин белгилей кетүү керек; өлкөдө угуу мүмкүнчүлүгү чектелген 5 миңге жакын бала бар.


Еркежан Күнтуган, «Jibek Joly», «Silk Way» телеканалынын башкаруучу мүдүрү:


- Мыйзамдын негизинде маалыматтык программалар жаңдоо котормо аркылуу берилет. Ал эми адистердин жетишсиздигинен улам, алар жаңылыктарды гана которууга аргасыз болушат. Башка контентти которууга алардын саны жетишпейт. Жаңылыктарды көргөн аудитория бул - чоңдор. Жаңылыктарды кичинекей көрүүчүлөр көрө беришпейт. Ошондуктан, бул өнүмгө басым жасадык.


Долбоордун авторлору - казакстандыктар. Алардын айтымында, нейрон тармагы алгач сүйлөөнү талдайт. Текстке айландырат. Ошондон кийин гана сурдокотормо берилет. Бул, өзгөчө, казак тилинде маанисин түшүнүүгө мүмкүндүк берет.


Нурзада Амангелди, иштеп чыгуучу:


- Мен үчүн эң маанилүү серепчи, мен айткандай, баланын ата-энеси жана аны жасаган сурдопедагог. Биз алар менен иштейбиз: кандай болуш керек? Балдар робот сыяктуу сүйүктүү мультфильм каарманына ээ болушу мүмкүн дешет. Кичинекейлер аны тез кабыл алышы үчүн, ушундай каарман аркылуу маалыматты жеткирүү керек болушу мүмкүн. Бул, албетте, кызыктуу болмок. Дал ушул максатта долбоорду иштеп чыгып, андан ары ылайыкташтыруу керек болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков