Кайра жанма энергия булактары

Кайра жанма энергия булактары

Жамбыл облусунда 1 гигаваттык шамал электр станциясын куруу пландалууда. Казакстан менен Франция тиешелүү келишимге 2022-жылдын жетинин айында кол коюшкан. Долбоордун баштапкы баасы болжол менен 2 миллиард долларды түзөт. Аны ишке ашыруу мультипликативдик натыйжа берет. Биринчиден, бул өлкөдө энергиянын кайра жанма булактарынын жалпы генерациясын дээрлик 50%га көбөйтөт. Экинчиден, кошумча инвестиция тартып, жаңы жумуш орундарын түзөт. Айта кетсек, альтернативдик энергетиканы өнүктүрүү боюнча облус республикада алдыңкы орунду ээлейт. Акыркы бир нече жылда аймакта 6 ишкана пайдаланууга берилди. Жашыл энергияны 21 комплекс өндүрүп чыгарат.

Руслан Муздыбек, облусттук энергетика башкармасынын башчысынын орун басары:

Бул долбоордун дагы бир өзгөчөлүгүн белгилей турган болсок, ЖЭБде электр энергиясын сактоо системасы Казакстанда биринчи жолу колдонулмакчы. Электр энергиясын өндүрүүдөгү олку-солкулукту жөнгө салуу, башкача айтканда, ашыкча электр энергиясын топтоо, андан кийин аны электр энергиясына кайтаруу. Мунун аркасында электр энергия системасынын жана тармактарынын туруктуу иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков