Казакстанда мектеп окуучулары арасында шахмат боюнча дүйнө чемпионаты өттү

Казакстанда мектеп окуучулары арасында шахмат боюнча дүйнө чемпионаты өттү

Окуучулар арасындагы шахмат боюнча дүйнө чемпионатында Казакстандын эки командасы жеңишке жетишти. Актауда өткөн белгилүү иш-чарада алматылык жеткинчектер күмүш байгени, 12 жашка чейинки категорияда Астанадан келген Улуттук физика-математика мектебинин окуучулары коло байгени жеңип алышты. Жалпы чемпионатта Казакстандын намысын борбор калаадан Алматы, Актау, Атырау, Шымкент жана Павлодардан жалпы 10 команда коргоду. Уюштуруучулардын айтымында, 53 өлкөдөн 400дөй шахматчы катышты. ФИДЕнин калыстары спорттук иш-чаранын уюштурулушун жогору баалашты.

 

Марко Биагиоли, чемпионаттын башкы калысы:

 

Бул мектеп окуучулары арасындагы биринчи чемпионат жана шахматты мектептерде жайылтуу жагынан маанилүү. Ошондой эле уюштурулган чемпионатка 4 континенттин командалары катышканы абдан кубандырат. Бул Казакстанда шахматты өнүктүрүүдө жана жалпы эле спорттун бул түрүн жайылтууда дагы бир бурулуш болот деп ойлойм.

 

Белгилей кетсек, мелдеш 9 раунддук швейцариялык системанын алкагында, ФИДЕнин эрежеси боюнча эл аралык рейтингди эсептөө менен өттү. Ошентип упайлары бирдей болгон катышуучулар бири-бири менен жолугушту. Турнирдин жаш курагы боюнча 2-топто Түркия менен Индиянын командалары алдыга чыкты.

 

Митун Пранов, чемпионаттын катышуучусу:

 

Эң башкысы командамдын жеңишин каалайм. Бул мен үчүн маанилүү. Биздин атаандаштар абдан күчтүү болду. Бирок, кызыктын баары алдыда деп ойлойм. Бул менин Казакстанга биринчи сапарым. Жаратылыш абдан кооз. Аба ырайы ысык, деңиз керемет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков