Мамлекет башчы Казакстан-Сингапур бизнес форумунда сөз сүйлөдү

«Борбор Азиядагы Сингапур». Казакстанда ушундай аталышта жаңы эл аралык хаб түзүлөт. Келечеги чоң долбоор - интеграцияланган мегаполис куруу демилгеси менен Касым-Жомарт Токаев Сингапур-Казакстан бизнес форумунда тааныштырып, бизнес топторун катышууга чакырды. Бүгүнкү күндө Казакстан Сингапурдун стилинде экономикалык реформаларды жүргүзүп, экономикасы тез өнүгүп жаткан өлкө. Ошондой эле чет элдик инвесторлор кеңешин түзүп, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берген жалгыз мамлекет. Президент кызматташууга түрткү бере турган багыттарды тактап берди.

Маселен, Казакстан Сингапурга маанилүү чийки зат жана жаратылыш ресурстарын берүүгө даяр. Ошондой эле кайра жанма энергия булактары, транспорт жана логистика тармагында өнөктөштүк мамилелерди. Муну менен катар биргелешкен агроинновациялык борборлорду түзүү боюнча сунуштар айтылды. Президент биотехнология жана медицина тармагында кызматташууга чоң мүмкүнчүлүк бар деп эсептейт. Тараптар буга чейин биологиялык препараттарды өндүрүүнү каржылоо үчүн инвестициялык фонд түзүүнү макулдашышкан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков