Астанада
робототехника боюнча мыктылар аныкталат. Борбор калаада FIRST Global challenge сынагынын
улуттук этабында 40 команда жана 200дөн ашуун жаш инженерлер ат салышат.
Алардын баары дүйнөлүк аренага катышуу укугу үчүн күрөшмөкчү. Чечүүчү таймаш кийинки айда Сингапурда өтөт.
Казакстандын бардык булуң-бурчунан келген жаш таланттар суутек энергиясы жана
кайра жанма энергия булактары боюнча өздөрүнүн иштеп чыгууларын сунушташат. Мындан
тышкары, окуучулардын милдети акыркы жашыл технологияларды колдонуу менен
роботторду чогултуу жана кыймыл аракет көндүмдөрдү көрсөтүү болуп саналат. Ошондой
эле, иш-чара Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген катышуучулар үчүн өзүнчө
квалификацияларды камтыйт. Быйыл Казакстанга Монголиядан жана Өзбекстандан
келген балдарга квота берүү укугу берилди. Казакстан бул сыйлыкка былтыркы
Женевадагы мелдеште мектеп окуучуларынын ишенимдүү жеңишинен кийин ээ болгон.
Ал жерден команда алтын жана эки жогорку калыстардын сыйлыктарына татыган. Быйылкы
жылы да жаш казакстандыктар рекорд коюп, сыйлоо аземинин эң бийик тепкичин
багындырмакчы.
Нурдаулет
Досмагамбет, Борбор Азия жана Казакстандагы USTEM робототехниканы өнүктүрүү
фондунун уюштуруучусу:
-Быйылкы
жылдын темасы суутек, жашыл суутектен энергияны кантип бөлүп алуу керек. Соңку
мезгилден бери Казакстанда альтернативдик энергия булактары жөнүндө көбүрөөк
ойлонуп жатабыз. Анда роботтордун жардамы менен сууну суутек жана кычкылтек
менен бөлүп алуу керек болот. Ошону менен алар упай топтошот, ал аркылуу биз
жеңүүчүлөрүбүздү аныктайбыз. Биз 21-кылымдын көндүмдөрүн инженерия аркылуу,
командалык оюндар аркылуу сиңиргибиз келет. Бул балдар Казакстандын келечектеги
инженердик жаатында лидерлер экенин көрүп турабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков