Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев Илим жана техника боюнча улуттук кеңештин биринчи жыйынында билдирди. Мамлекет башчысы тармактын өкүлдөрүнө илимий даражасына жана наамына жараша төлөнүүчү жөлөк пулду 1,5 эсеге көбөйтүүнү тапшырды. Ал эми академиктерге өмүр бою стипендия төлөнөт. Жакында президентке караштуу орган макамына ээ болгон Илимдер академиясына колдоо көрсөтүү күчөтүлөт. Ошондой эле, президент улуттук экономиканы модернизациялоодо илимди колдонууга көңүл бурду. Бул жаатта Казакстандын илиминин өнүгүү моделин түп тамырынан бери жаңыртуу мезгили келди, - деди Касым-Жомарт Токаев. Илим күнүнө карата өткөрүлгөн жыйында ар тармакта эмгек сиңирип жаткан өлкөнүн көрүнүктүү окумуштуулары сөз алып, өз сунуштарын айтышты. Мамлекет башчынын сунушуна ылайык, бул курам менен келечекте ата мекендик илимди өнүктүрүүгө байланышкан маселелер такай талкууланып турмакчы.
Которгон: Илгиз Жамалабеков