Туризм -тарыхты, маданиятты жана искусствону жайылтуудан тышкары аларды калыбына келтирүүнү жана өнүктүрүүнү талап кылат. Ал эми тарыхтын бир бөлүгү болгон зыярат кылуу жайлары аймактагы туризмдин өнүгүшүнө чоң салым кошууда. Айрыкча Түркестанга келген коноктор менен туристтер шаарда жайгашкан Кожа Ахмет Ясавинин күмбөзүнө барбай койбойт. Өткөн жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген тарыхый эстеликти көрүүгө 800 миңдей адам келген.
Мурат Тастанбеков, «Азирет Султан» тарыхый-маданий корук-музейинин мүдүрүнүн орун басары:
Азирет Султан мамлекеттик тарыхый корук музейине келгендердин саны да аз эмес. Албетте, жай мезгилинде келгендердин саны абдан көп болот. Айрыкча бугу айында. Былтыркы маалымат боюнча бугу айында 119 миң адам келген.
Ошол эле учурда аймактын туризм башкармалыгы Би-Би-Си каналы менен келишим түзүүнү пландоодо. Келишим аймактагы туристтик борборлорду эл аралык деңгээлде таанытууга мүмкүнчүлүк берет.
Нурдаулет Медеуов, облусттук туризм башкармасынын бөлүм башчысы:
Көптөгөн иш-чаралар уюштурулуп жатат. Алардын бири эл аралык туристтик көргөзмөлөргө катышуу жана маалымат турларын уюштуруу аркылуу облусубузга чет элдик тур компанияларды тартуу менен туристтердин санын көбөйтүү болуп саналат
Которгон: Илгиз Жамалбеков