Астанада Европа киномарафону башталды

Борбор калаадагы үч жогорку окуу жайда Европа киномарафонунун алкагында 4 тасма сунушталат. Алар Болгариянын, Испаниянын, Латвиянын жана Португалиянын кино өндүрүшүнүн мыкты эмгектери. Соңку аталган өлкөнүн «My Grandfather’s Demons» картинасы иш-чаранын көшөгөсүн ачты. Белгилей кетсек, бул португалиялык тармак ардагерлеринин эмгеги быйыл эң мыкты анимациялык тасма номинациясында Гоя сыйлыгын жеңип алган. Анда адам менен коомдун ортосундагы мамиленин мааниси баяндалат. Португалиянын Казакстандагы элчиси Мария де Фатима Мендестин айтымында, мындай иш-чаралар түрдүү маданияттар ортосунда көпүрө куруунун эффективдүү куралы болуп саналат.

Мария Де Фатима Мендес, Португалиянын Казакстандагы элчиси:
- Казакстанда кино тармагы жакшы өнүккөн деп билем. Жакшы тасмалар, режиссёрлор, актёрлор көп. Алар көтөргөн темалар жана окуялар өзгөчө мааниге ээ. Ар кандай кино сынактарда байгелүү орундарга ээ болуп жүрөт. Ошондуктан, биз Португалияда казак тасмаларын көрүүгө ниеттенүүдөбүз.

Европа кинофестивалынын программасы жетинин айынын 2де латвиялык тасма менен аяктайт. Ал киномарафонго сунушталган башка тасмалардай эле эң абройлуу фестивалдардын жеңүүчүсү жана номинанты болуп саналат.

Кестутис Янкаускас, Европа Биримдигинин Казакстандагы элчиси:
- Көбүнчө жаштарга арналган тасмаларды тандап алдык, алар жаркын, таасирдүү, динамикалуу жана абдан кызыктуу. Биз жаштардын таасирин көргүбүз келди. Учурда тараптардын ортосундагы саясий жана экономикалык чөйрө тез өнүгүп жатат. Акыркы бир жылда Евробиримдик менен Казакстандын кызматташтыгын жогорку деңгээлге көтөрүү боюнча көп иштер аткарылды. Бизди эл бириктирип турат. Ал эми эл бири-бирин билим, маданият, адабият, кинематография аркылуу тааныйт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков