Быйыл казакстандыктар курман айтты толук майрамдай алышат. Майрамдын биринчи күнүндө өлкөнүн бардык мечиттеринде салттуу түрдө айт намазы окулат. Андан кийин жалпы тилек кылып, курмандык чалышат. Борбор калаада бул жөрөлгөнү эки багытта аткарууга мүмкүндүк бар, тагыраагы оффлайн жана онлайн. Өткөн пандемия учурунда түзүлгөн атайын сайт аркылуу аралыктан курмандыкты тандоого болот. Өзү катышууну каалагандар үчүн шаар боюнча 7 мал союучу касапкана белгилегенген. Ал жерлерде бардык санитардык талаптар эске алынып, курмандыкка чалынган малдын этине ветеринардык сертификат берилет. Диний аземди эртең мененки сегизден кечки алтыга чейин аткарууга болот. Эске сала кетсек, быйыл курман айт теке айынын 9-10-11 күндөрүнө туура келет.
Бауыржан Диханбаев, Нур-Султан шаардык дин иштери башкармалыгынын башчысы:
- Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан курмандыкка чалынган бардык эттер ыктыярчылардын жардамы менен муктаждарга таратылып берилет. Курман айтта курмандык чалынуучу жайлар жана башка диний суроолор боюнча 24 саат бою 109 номерине чалып, керектүү маалыматтарды ала аласыздар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков