БУУ: Казакстан инвестиция тартуу боюнча алдыңкы орунда

БУУ: Казакстан инвестиция тартуу боюнча алдыңкы орунда

Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүгүү конференциясынын дүйнөлүк инвестиция боюнча отчетуна ылайык, Өзбекстан Казакстандан кийинки экинчи орунда турат. Ошол эле учурда деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан 32 өлкөгө түз инвестициянын агымы 6%га өстү. Алардын арасында Казакстан алдыда. Казакстан 7 жыл ичинде кайра жанма энергия долбоорлоруна инвестиция салуу боюнча дүйнөнүн өнүгүп келе жаткан экономикаларынын арасында 5-орунга чыкты. Бул жылдар аралыгында көрсөткүч 56 миллиард доллардан ашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков