Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө арналган жыйында билдирди. Ошондой эле, президент азык-түлүктүн кымбатташына жол бербөө, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү, ички өндүрүштү көбөйтүү, жарандардын реалдуу кирешесин жогорулатуу боюнча бир катар милдеттерди белгиледи. Мамлекет башчынын айтымында, олуттуу макроэкономикалык саясат жүргүзүү, жарандардын сапаттуу медицинага жана билимге жетүүсүн камсыздоо маанилүү. Ошондой эле өлкөдө жаңы заводдорду түзүү зарыл. Президент өзгөчө көңүл бурган маселелердин бири – банктар бизнеске жана инвестицияга жагымдуу шарттарды түзүүгө катышуусу керек. Мында салык саясаты өзгөчө роль ойнойт. Касым-Жомарт Токаев ал ийкемдүү болушу керектигин баса белгиледи. Ошол эле учурда президент мамлекеттик башкарууну жакшыртмайынча ушул жана башка көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн эместигин кошумчалады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков