Казакстан менен Франция суу адистерин даярдоодо кызматташат

Казакстан менен Франция суу адистерин даярдоодо кызматташат

Казакстан Франция менен бирге суу тармагында иштеген адистерди даярдайт. Башкармалыктын жетекчиси бул маселени Франциянын элчиси менен талкуулады. Тактап айтканда, тараптар учурда иштеп жаткан «Абай-Верн» стипендиялык программасынын алкагында кызматташууну күчөтүүнү көздөшүүдө. Ага ылайык, магистранттар жана докторанттар Францияда акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Айта кетсек, биргелешкен долбоорлорду талкуулоо үчүн 2024-жылы Франциядан атайын серепчилер  келет деп пландалууда.

Нуржан Нуржигитов, Суу ресурстары жана ирригация министри:
- Биз суу тармагында иштеген казакстандык адистерди даярдоодо кызматташтык орнотууга ниеттенип жатабыз. Албетте, биз окутуунун бардык түрүн карайбыз. Анын ичинде жогорку билим, илимий иш, азыркы кызматкерлердин билим деңгээлин жогорулатуу бар.


Которгон: Илгиз Жамалбеков