Астанада дүйнөлүк масштабдагы жылдыз Димаш Кудайбергендин өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган атайын көргөзмө эшигин ачты. Экспонаттарды көрүү үчүн ырчынын тыңдармандары дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн келди. Улуттук музейдин дубалдарындагы көргөзмөдө Димаштын сүйүктүү белектери, концерттик кийимдери, сүрөттөрү жана башка баалуу буюмдары конокторго сунушталды. Экспозиция 4 өзгөчө бөлүктөн турат. Алар: шыктануунун булагы, атак-даңкка карай жол, күйөрмандардын сүйүүсү жана улуттук маданияттын жарчысы.
Светлана Айтбаева, Димаш Кудайбергендин апасы:
– Күйөрмандардын арасында абдан таланттуу сүрөтчүлөр көп. Ошол сүрөтчүлөрдүн сүрөттөрүн көрсөткүбүз келди. Мектеп окуучулары үчүн абдан кызыктуу болот деп ойлойбуз. Анткени, талыкпай эмгектенсең, билим алсаң, окусаң, аракет кылсаң, чоң ийгиликтерге жетесиң деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков