Астанада Европа өлкөлөрүнүн саламаттыкты сактоо системасын чыңдоого байланыштуу эң актуалдуу маселелер талкууланды. Борбордук Азия чөлкөмүндө биринчи жолу ДССУнун Европа аймактык комитетинин сессиясы өттү. Жыйынга дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүнөн адистер жана серепчилер чогулушту. Кеңешменин катышуучулары медицина кызматкерлеринин тажрыйбасын жогорулатуу, дары-дармекке көз карандуулук, Ковид пандемиясынын кесепеттерине каршы күрөшүү жана алдын алуу сыяктуу дүйнөлүк маанидеги көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун карашты.
Ханс Клюге, ДССУнун Европа
аймактык бюросунун башчысы:
- Эми мигранттардын саламаттыгын
сактоого багытталган иш-чаралардын планын бекитүү маселеси турат. Анткени
дүйнөдөгү мигранттардын 36% Европа аймагына таандык. Ошондуктан алардын ден
соолугун чыңдоо боюнча биргелешкен чараларды көрүшүбүз керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков