Астанада Борбор Азия мамлекеттери аялдарынын диалогу өттү

Астанада Борбор Азия мамлекеттери аялдарынын диалогу өттү

Бир аянтка саясий жана коомдук ишмерлер, облустун серепчилери, бейөкмөт уюмдардын лидерлери, IT долбоорлордун авторлору чогулушту. Алар экономиканын түрдүү тармактагы өкүлдөрүнүн технологияларды өнүктүрүүдөгү  ролун талкуулашты. Жыйындын катышуучулары илим жана инновация тармагында эмгектенген илимпоздорду колдоорун айтып, алардын санын көбөйтүү зарылдыгын белгилешти. Жаңы технологияларды өркүндөтүү менен бирге гендердик теңчиликти да эстен чыгарбоо керек.

Айгүл Куспан, Парламент Мажилисинин депутаты:

- Бүгүнкү күндө аялдар кесиптик же коммерциялык ишмердүүлүк менен алектенүү үчүн үйдөн эле маалыматтык технологияларды колдоно алышат. Ошондуктан аларды азыркы тенденцияга ылайык сапаттуу маалыматтык технологиялар менен камсыз кылуу абдан маанилүү. Бул үчүн биринчи кезекте аялдардын маалыматтык технологияларга жеткиликтүүлүгүн мыйзамдык көз карашта жолго коюу зарыл.

Гулнора Маруфова, Өзбекстан Республикасы Олий Мажилиси Сенатынын депутаты:

- Бүгүн биз жаңы IT-технологиялар жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү аркылуу экономикалык укуктар менен мүмкүнчүлүктөрдү кеңейткен абдан маанилүү иш-чарага катышып жатабыз. Анткени биз азыр аларды IT-технологияларга тартып, дем берүүчү программаларды кеңейтүүдөбүз. Өзбекстанда бул багытта комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө. Бүгүн биз тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө даярбыз. Буга байланыштуу абдан кеңири программа ишке ашырылып жатат. Мунун баары мамлекет жетекчилиги тарабынан чоң колдоого ээ болууда.

Мындан тышкары адистер башка актуалдуу маселелерди талкуулашат. Тактап айтканда, бул аялдардын тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоодогу орду, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу, коомдук жана мамлекеттик турмушта алардын ролун күчөтүү боюнча аймактык кызматташтыгы болуп саналат. Белгилей кетсек, диалог аянтчасын уюштуруу демилгеси Борбордук Азиядагы Превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборго таандык. Платформа 2020-жылдын бештин айында түзүлгөн. 2021-жылы аны Өзбекстан, кийинки жылы Түркмөнстан жетектеди. 2023-жылы төрагалык Казакстанга өттү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков