Астанада биринчи Борбор Азиялык медиа форум өтүүдө

Астанада биринчи Борбор Азиялык медиа форум өтүүдө

Астанада биринчи Борбор Азия медиа форуму ишин улантууда. Ата мекендик жана чет элдик серепчилер маалымат чөйрөсүндө кызматташтыкты чыңдоо маселелерин, ошондой эле тармактын келечегин жана акыркы тенденцияларын талкуулап жатышат. Адистер чыгармачылык тармакка өзгөчө көңүл бурушууда. Дүйнөлүк экономикада бул тармактын көлөмү жылына 2 триллион доллардан ашат. Борбор Азиянын да өсүү мүмкүнчүлүгү чоң. Атап айтканда, республика 2025-жылга чейин креативдүү тармактардын өлкөнүн экономикасына кошкон салымын 5%га чейин жеткирүүнү көздөп жатат. Мындан тышкары, бүгүнкү сессияларда эл аралык уюмдардын, анын ичинде Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме, Түрк мамлекеттеринин уюму сыяктуу беделдүү уюмдардын өкүлдөрү мындан аркы өнүгүүсү боюнча өз көз караштары менен бөлүштү. Эске сала кетсек, Казакстандын борборунда өтүп жаткан биринчи Борбор Азия медиа форумуна 100дөн ашык спикерлер катышууда.

Шахин Мустафаев, Эл аралык Түрк академиясынын президенти:

- Биздин сессияда чыгарылган негизги корутундулар — эл аралык уюмдардын ролу жогорулап жаткандыгы. Себеби дал ушул уюмдардын чегинде биздин замандын чакырыктарына жоопторду, чечимдерди кабыл алууга болот. Булар эл аралык системалардын негизги компоненттери, элементтери болуп саналат, анын алкагында көптөгөн маселелерди чечүүгө болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков