Маданият жана спорт министрлиги чет элдик туристтердин кошумча агымын тартууну көздөп жатат. Буга байланыштуу республикада багыттар, жолдор, аянтчалар жана унаа токтотуучу жайлар жабдылат. Ошону менен бирге улуттук сейил бактарга, Алматы облусундагы Алтын-Емел, Көлсай көлдөрүнө, Иле-Алатау жана Шарын капчыгайларына өзгөчө көңүл бурулат.
Нурбол Байжанов, маданият жана спорт министрлигинин туризм индустриясы комитетинин башкарма жетекчиси:
- Казакстанда улуттук сейил бактарды өнүктүрүү үчүн 2019-жылдан тарта эко-системага ашыкча жүк келтирбеген негизги аймактарда башкаруу модели киргизилди. Натыйжада, парк аймактарында адамдардын топтолушу 5%дан ашпайт. Мисалы, Аюсай капчыгайында туристтик борбор курулуп, Чоң Алматы дарыясындагы көпүрө оңдолуп, билим берүү жолу салынып, көрктөндүрүлдү, глэмпинг жана кемпинг аянтчалары ачылды. Өткөн жылы Түргенсайда саякат борбору ачылган. Алтын-Емелде таштанды челектери жана маалымат такталары орнотулду. Ошону менен бирге экотуризмди өнүктүрүү максатында сапатты баалоо системасы менен ыктыярдуу сертификаттоо киргизилди. Буга кошумча мейманканаларды каттоо жана онлайн алдын ала жазылуу системасы ишке киргизилет.
Ал эми агротуризмге келе турган болсок, кызыккандардын баары чарба кожолуктары менен таанышып, алар үчүн чебер-класстар уюштурулат. Өнүмдөрдүн даамын татып көрүүгө да мүмкүнчүлүк берилет. Буга байланыштуу эс алуунун бул түрүн жактыргандар үчүн келечектүү аймактарды аныктоо жана тартымдуу борборго айлана турган жагдайларды тактоо боюнча изилдөө жүргүзүлмөкчү. Этнографиялык туризмге келсек, анын алкагында кол өнөрчүлөрдүн пулу түзүлөт. Ошондой эле, адистиктин макамы бекитилет. Чеберканалардын желеси бар борборлор ачылып, улуттук кол өнөрчүлүк буюмдарынын стандарттары жана визуалдык өзгөчөлүгү пайда болот. Бул өнөр өлкө ичинде да, чет өлкөлөрдө да жайылтылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков