1-март – Ыраазычылык билдирүү күнү

1-март – Ыраазычылык билдирүү күнү

Тынчтыктын жана ынтымактын, достук менен боорукердиктин майрамы. Бул көп улуттуу Казакстандын элинин жалпы тарыхын урматтоо күнү. Учурда өлкөдө 130дан ашык улуттар менен этностордун өкүлдөрү ынтымакта жашап келишет. Казакстандын улуттар аралык ынтымак тажрыйбасы башка өлкөлөргө үлгү. Жылдар ичинде бул күн өлкө жарандарынын адамгерчилик мамилелеринин негизине, калк үчүн жакшы салтка айланып калды, дейт Евразия улуттук университетинин Казакстан Эли ассамблеясы кафедрасынын жетекчиси Наталья Калашникова.

Наталья Калашникова, Евразия улуттук университетинин Казакстан эли Ассамблеясы кафедрасынын жетекчиси:

- Бул күн - эскерүү күнү. Кыштын бул оор күндөрү Казакстанга эрксиз көчүрүлгөн ар улуттун өкүлдөрүнүн эскерүүлөрү менен тыгыз байланышкан учур. Бүгүнкү күндө бардык аянтчаларда, анын ичинде илимий-талдоочулук аянтчаларда этномаданий бирикмелердин жетекчилери, илимий-серепчилик коомчулук ал күндөрдү, ошол кылымды эскеришет. Алар жөн эле эске алып гана койбостон, ыраазычылыктарын билдиришип, урмат-сыйларын көрсөтүшөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков