Борбордук Азия аймактык экономикалык кызматташтык программасынын климаттын өзгөрүүсү боюнча иш-аракеттер планы - кийинки жумада Бакуда өтө турган БУУнун СОР-29 конференциясында сунушталат. Бул тууралуу Астанада Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташтык 23-министрлер конференциясында белгилүү болду. Бул жылы ал регионалдык энергетикалык коопсуздук жана климаттын өзгөрүшү маселелерине арналды. Анын ишине БААЭК өлкөлөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана Азия Өнүктүрүү Банкынын өкүлдөрү катышты. Акыркылары Корея жана Кытай менен Борбор Азия аймагында "жашыл долбоорлорду" өнүктүрүү үчүн трасттык фонд түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Өлкөлөрдүн инвестициясы 5 миллион долларды түзөт. Казакстан Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташтыктын мүчөсү катары аймактык климаттык долбоорлорду даярдоо үчүн аталган каражаттарга ээ боло алат.
Лязиза Сабырова, Азия өнүктүрүү банкынын регионалдык кызматташуу жана интеграция бөлүмүнүн аймактык жетекчиси:
– Бул башталышы гана, бизде муну Seed money деп атайт. Биз гранттык каражаттарды издөө, туруктуулукка, климаттын өзгөрүшүнө, жашылданууга, декарбонизацияга басым жасоо менен аймактык долбоорлорду даярдоо үчүн көбүрөөк донорлор жана башкалар менен иштешебиз. Азия өнүктүрүү банкында биздин милдетибиз-бардык мүчөлөргө, бардык өлкөлөргө, Азия өнүктүрүү банкынын мүчөсү болуп, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге 2030-жылга чейин 100 миллиард долларга чейин каржылоого жардам берүү болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков