Казакстандын
руханий борборуна дүйнө жүзүнүн окумуштуулары чогулду. Түркестанда Ясауинин
маданий мурастарын изилдөөгө жана жайылтууга багытталган эл аралык симпозиум
өтүп жатат. Иш-чарага атамекендик окумуштуулардан тышкары Азербайжан, Германия,
Италия, Кыргызстан, Орусия, АКШ, Тажикстан, Түркия, Жапония жана башка чет
өлкөлөрдүн серепчилери катышууда. Масштабдуу иш-чарада окумуштуулар Кожа Ахмед
Ясауинин окууларынын заманбап коомго тийгизген таасирин, ошондой эле анын
гуманисттик принциптерин жана глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдөгү ролун
талкуулашты. Белгилей кетсек, Президент Касым-Жомарт Токаев Улуттук курултайдын
үчүнчү жыйынында эл аралык форум өткөрүү идеясын сунуштаган, анда улуу ойчулдун
эмгектерин терең изилдөөгө жана жайылтууга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Симпозиумдун
ачылышына мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин катышты.
Ерлан
Карин, Мамлекеттик кеңешчи:
- Биз
Ясауинин гуманисттик идеяларын баса белгилешибиз керек. Биз анын философиялык
аспектилерине терең үңүлүп киришибиз керек. Улуу ойчулдун көз карашы дин же белгилүү
бир аймак менен чектелбейт. Ага жалпы адамзаттык көз караш менен караш зарыл.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

