Кызматташтык 2021-жылы Казакстан-Грузия экономикалык биримдигинин түзүлүшү менен чоң күч алды. Өткөн жылы мамлекеттер өнүмдөрдүн түрлөрүн, транспорт коридорлорун кеңейтүү, инвестициялык агымдарды калыбына келтирүү багытында кызматташууну улантышты. Адистердин айтымында, жыйынтыгы жакшы болду.
Иракли Апхаидзе, Грузия улуттук статистика кызматынын аткаруучу мүдүрүнүн орун басары:
- Маанилүү өнөктөшүбүз Казакстанга келе турган болсок, 2022-жылдын 11 айында экспорттун көлөмү 200 миллион долларга өскөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көп. Импорттун көлөмү да өстү. 2021-жылы Казакстандан келген импорт 17 миллион долларды түзсө, 2022-жылы 32 миллион долларга жетти.
Георгий Джахуташвили, Грузиядагы Казакстандын ардактуу консулу:
- Бизде 2009-жылдан бери дүйнөлүк каржы каатчылыгынынан кийин токтоп калган жеке инвестициялардын олуттуу өсүшү байкалды. Азыр биз бул өсүштү көрүп жатабыз. Быйыл казак инвестициясы 22 миллион долларга жетти. Ал арада грузин ишкерлери Казакстанга 40 миллион долларга жакын инвестиция салышкан. Биз бул тенденцияны көзөмөлгө алабыз. Ал эми 2023-жылы биз дагы көп нерсе жасалат деп күтүп жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков