Казакстан менен Кыргызстан ортодогу өз ара соода алмашуунун көлөмүн көбөйтүүнү көздөп жатат. Белгилей кетсек, бир нече күн мурун эле тараптар 13 миллион долларга экспорттук келишимдерди түзүшкөн. Бул тууралуу Казакстандын Соода интеграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Негизинен, өлкөлөр химия, фармацевтика, курулуш жана унаа жасоо өнүмдөрүн жеткирүү боюнча макулдашышкан. Ички департаменттин маалыматы боюнча, Казакстан Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү боюнча үчүнчү орунда турат. Бул өлкөдө казак капиталынын катышуусу менен 334 биргелешкен ишкана иштейт. Быйыл эле эки өлкө соода-алмашууда 329 миллион доллар пайда көрүштү. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,2 пайызга көп. Тараптар аталган көрсөткүчтү 1 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков