Алдыдагы 5 жылда Казакстан экономикасынын орточо жылдык өсүшү 5,8% деңгээлинде болжолдонуп жатат

Алдыдагы 5 жылда Казакстан экономикасынын орточо жылдык өсүшү  5,8% деңгээлинде болжолдонуп жатат

Казакстандын экономикасынын жылдык орточо өсүшү жакынкы 5 жылда 5,8% болушу күтүлүүдө. Мындай божомолун бүгүн өкмөттүн жыйынында Улуттук экономика министри билдирди. Алибек Куантыров берген маалыматка караганда, ички дүң өнүмдүн үлүшү тездик менен өсүп жатат. Маселен, анын деңгээли келерки жылы 135 триллион теңгеден 2028-жылы 218 жарым триллион теңгеге жетет. Өкмөт инфляциянын ыргагын басуу боюнча комплекстүү чараларды колго алган. Эсептөөлөргө ылайык, анын деңгээли 2026-2028-жылдары 5%га чейин төмөндөйт. Базалык түзүм боюнча тышкы соода алдыга жылат. Ички экспорттун көлөмү 2024-жылы 83 миллиард доллардан 2028-жылы 95 миллиард долларга чейин өсөт. Жалпысынан экономиканын бардык негизги тармактарында өсүш күтүлөт.

 Алибек Куантыров, улуттук экономика министри:

-Мисалы, өнөр жайда орточо жылдык өсүш темпи 4%, анын ичинде кайра иштетүү өнөр жайында 4,9%, тоо-кен өнөр жайында 3,1%ды түзөт. Айыл чарбасынын жалпы өнүмдөрүнүн орточо жылдык өсүшү 4,5 пайыз болот. Курулуш секторунда өсүш орточо эсеп менен 8,8%, соодада 7,4% деп болжолдонууда.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков