Астана шаарынын тургундары жигердүү добуш беришүүдө

Астана шаарынын тургундары жигердүү добуш беришүүдө

Казакстандыктар өлкөнүн президентин шайлоодо! Борбор калаадагы шайлоо участкаларында элдин катары калың. Шайлоого укугу бар жарандардын арасында жаштар, карылар да бар. Алар үй-бүлөлөрү менен атуулдук милдетин аткаруу үчүн келүүдө. Ар бир адам өздөрү жасаган тандоо, өлкөнүн жаркын келечегине алып барарына ишенет.

Айгерим Акимжанова, кабарчы:

Биз азыр Улуттук академиялык китепкананын дубалында жайгашкан Астана шаарынын 111-шайлоо участкасында турабыз. Бул шайлоо тилкесинин эшиги эртең мененки жетиде ачылган. Анда 2500дөн ашык шайлоочу катталган. Добуш берүү жүрүшү байкоочулардын тыкыр көзөмөлүндө. 12 байкоочунун арасында Канада, Англия, Кытай жана Орусиянын өкүлдөрү бар.

Аталган округда биринчилерден болуп өз тандоосун жасаган мамлекеттик кеңешчи Ерлан Кариндин айтымында, бул шайлоо өнөктүгү саясий системанын жандануусуна чоң түрткү берет.

Ерлан Карин, Казакстандын мамлекеттик кеңешчиси:

Өлкөнүн өнүгүү келечегин аныктоо үчүн өтүп жаткан шайлоолор абдан маанилүү деп ойлойм. Ошондой эле жаңы мамлекеттик түзүлүштүн пайдубалын түптөөгө мүмкүндүк берет. Ошондуктан, бүгүн бардык казакстандыктар өздөрүнүн шайлоо участкаларына барып, конституциялык укуктарын пайдаланып, жарандык милдетин аткарууга тийиш. Бул өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүнө түрткү болот.

Байкоочулардын айтымында, Астана шаардык 111-шайлоо участкасында мыйзам бузуулар катталган жок. Добуш берүү процесси белгиленген тартипте уюшкандык менен өтүүдө.

Александра Осипова, байкоочу:

Байкоочунун милдети – шайлоо комиссиясынын башчысы айткандай, бардыгын таза жана ачык жүргүзүү, түз көзөмөл,  бизде шайлоого катышкандардын санын эсептеген атайын система бар. Башкача айтканда, урнага бюллетендерди салгандардын санын эсептейбиз. Жалпысынан алганда, баары жакшы.

Айгерим Тлеугабылова, Астана шаарынын тургуну:

Биз алдыда жакшы нерселерди күтөбүз. Өсүп келе жаткан жаш муундарга инвестиция катары карап, алардын билимине көбүрөөк көңүл бургум келет. Биздин добушубуз өлкөбүздөгү өзгөрүүлөргө түрткү берет деп ишенем.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөнүн борборунда жалпысынан 406 шайлоо тилкеси иштеп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков