Жапония менен БУУӨП Казакстанга кургакчылыкты алдын алуу үчүн жабдууларды берди

Жапония менен БУУӨП Казакстанга кургакчылыкты алдын алуу үчүн жабдууларды берди

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы Жапония өкмөтү менен биргеликте өлкөнүн гидрометеорология кызматына атайын эсептөө техникасын тапшырды. Ал өзгөчө климаттык кырдаалдын башталышын өз убагында болжолдоого мүмкүндүк берет. Бул маалымат облустук бийликтерге жана чарбаларга жеткиликтүү болорун Казгидромет билдирди. Ал жерде алынган маалыматтарды тактоо үчүн маршруттар боюнча пландуу чыгуулар дагы эле ишке ашырыла турганын белгилешти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков