Казакстанда унаа жасоону өнүктүрүү боюнча жаңы комплекстүү план иштелип чыгууда

Казакстанда унаа жасоону өнүктүрүү боюнча жаңы комплекстүү план иштелип чыгууда

Бул тууралуу премьер-министрдин басма сөз кызматы билдирди. Жакынкы 5 жылдагы тармактын негизги багыттары унаа жасоо тармагынын өндүрүш көлөмүн көбөйтүү, инвестиция тартуу, өндүрүш жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү, ата мекендик өнүмдү сатуу рыногун кеңейтүү, ошондой эле өндүрүштө квалификациялуу кадрларды даярдоо системасын өркүндөтүү чараларын камтыйт. Комплекстүү планды ишке ашыруу ата мекендик унаа жасоо өнөр жайын өнүктүрүүнүн принципиалдуу жаны деңгээлине чыгарат деп күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков