Астанадагы балаты КМШдагы эң бийик жаңы жылдык балатылардын катарына кирди

Астанадагы балаты КМШдагы эң бийик жаңы жылдык балатылардын катарына кирди

Астананын жаңы жылдык балатысы КМШдагы ТОП-10 эң бийик балатылардын катарына кирди. Рейтингди Казакстандын экинчи шаары – Алматынын ийне жалбырактуу карагайы да толуктады. Шериктештик мамлекеттериндеги эң бийик жаңы жылдык балатысы бар шаарлардын ондугунда Ашхабад - 44 метрлик балатасы менен биринчи орунга чыкты. Экинчи орунда Ереван - 37 метр, Ташкентте - 35 м, Бакуда - 34, Бишкекте - 32 м, Минскте жана Дүйшөмбүдө - 30, ал эми Астана менен Москва шаарында жаңы жылдык балатылардын бийиктиги - 25 метр. Алматыда – 20 метр болду. Белгилей кетсек, Казакстандын башкы жаңы жылдык балатысы ЭКСПО көргөзмө борборунун аймагында жайгашкан.

 


Которгон: Илгиз Жамалбеков