«Silk
Way Star»
эл аралык долбоору Казакстандын имиджин бекемдөөгө жана туризмди өнүктүрүүгө
чоң салым кошот. Мындай пикирди шоунун калыстар тобунун мүчөлөрү билдиришти.
Белгилей кетсек, жакында аларга жаңы серепчилер кошулду. Алар: Түштүк Кореядан келген композитор,
популярдуу дорамалардын саундтректеринин автору Чон Сон Мин. Ошондой эле
Казакстандын эмгек сиңирген ишмери, легендарлуу «МузАРТ» тобунун мүчөсү Сакен
Майгазиев. Алар музыкалык вокалдык
сынак
өлкөнүн жаңы визиттик
картасы болуп, дүйнөлүк окуялардын борбору катары көңүлдү бурат деп ишенишет.
Белгилей кетсек, Silk Way Star эл аралык вокалдык сынактын ачылышы ушул ишембиде – аяк оона айынын 20да болот. Бардык
эпизоддор Жибек Жолы/Силк вей каналында жана катышуучу өлкөлөрдүн
телеканалдарында көрсөтүлөт.
Сакен Майгазиев, Silk Way Star калыстар
тобунун мүчөсү:
- Менин оюмча,
долбоор Казакстандын имиджине чоң таасир этет. Андан тышкары, туризмдин
өнүгүшүнө дагы жакшы таасирин тийгизет. Бизге жакынкы жана алыскы чет
өлкөлөрдөн ырчылар жана дүйнөлүк жылдыздар келип, концерт беришет. Алардын
менеджерлери өздөрү биздин шаарларга кызыгуу көрсөтүшүүдө. Бул биз үчүн чоң
сыймык. Ошондуктан, долбоор бизге абадай керек.
Чон Сон Мин, Silk Way Star калыстар тобунун мүчөсү /Түштүк Корея/:
- Мындай музыкалык
долбоорлорго мен корей телеканалдарында гана катышкам, ошондуктан мурда корей
тилиндеги ырларды гана баалачумун. Ал эми мындай эл аралык долбоорго биринчи
жолу катышып жатам – мага ар кайсы өлкөлөрдөн келген катышуучуларды, анын
үстүнө ар кандай тилдерде баалоого туура келет. Ар кимдин өз маданияты, өзүнүн
ырдоо стили бар. Албетте, баа берүүдө мен үчүн артисттин вокалы, анын аткаруусу
маанилүү. Бирок, эгерде катышуучунун аткаруусу чындап жүрөгүмө жакын болсо,
дагы бир балл кошо алам.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

