Каржы жана бюджет боюнча комитеттин корутундусуна ылайык, мыйзам долбооруна тиешелүү түзөтүүлөр киргизилди. Мында санариптик тоо-кен иштерин жүргүзүүгө лицензиялардын чакан түрлөрүнүн аталыштарын тактоо эске алынган. Буга кошумча бул кызматты жарнамалоодон алып салуу көздөлгөн. Ошондой эле, аталган мыйзам ченемдерин ишке ашыруу мөөнөттөрүн тактоо сунушталды. Жалпысынан документ өлкөдөгү санариптик активдердин жүгүртүүсүн жана эмиссиясын муну менен катар тоо-кен ишмердигин өнүктүрүү үчүн укуктук негиз түзүүгө багытталган, дешет депутаттар. Бул жолу сенаторлор санариптик активдер, маалымат жана соттук башкаруу боюнча мыйзам долбоорун кабыл албай, Мажилистин кароосуна жөнөтүштү. Себеби, элдин каалоосу боюнча өлкөнүн санариптик активдер рыногун калыптандыруучу жана бул тармакка инвесторлордун тобун тартуучу мыйзамдар системалуу түрдө бардык тармактарды камтышы керек.
Сергей Карплюк, Парламент Сенатынын депутаты:
- Ошондой эле, мыйзамда каралган жаңы нормаларга ылайык, 2024-жылдан тарта казакстандык кенчилер өз кызматтарынан түшкөн кирешенин 50%ын Астана эл аралык каржы борборунун аянтчасында катталган биржалар аркылуу алууга милдеттүү. Ал эми 2025-жылдан тарта бул көрсөткүч 75%га чейин көтөрүлөт. Ага ылайык, борбордун ичиндеги алмашуулардын эффективдүүлүгү жогорулайт. Жалпысынан алганда, «Казакстан Республикасындагы санариптик активдер жөнүндө» мыйзам жана аны коштогон документтер өлкөдө санариптик кен иштетүүнүн укуктук негиздерин түзүп, санариптик активдердин экосистемасынын калыптанышына түрткү берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков