ASTANA HUB эл аралык технопарк аятнчасында бир миң катышуучу катталды

ASTANA HUB эл аралык технопарк аятнчасында бир миң катышуучу катталды

Акыркы бир жылда аянтчада катталган 400 жаңы IT компаниясынын эки жүзү чет өлкөлүк. Astana Hub катталуучуларынын жалпы саны миңге жетип, жалпы жылдык кирешеси 200 миллиард теңгеден ашты. Бул тууралуу Эл аралык технопарктын башкы мүдүрү Магжан Мадиев билдирди. Ал белгилегендей, компаниянын IT өнүмдөрү негизинен дүйнөлүк рынокко чыгууга багытталган. Бүгүнкү күндө 2025-жылга карата ата мекендик IT-экспорттун үлүшүн акчалай түрдө 500 миллион долларга чейин жеткирүү максаты коюлган. Мындан улам технопарк атайын акселерация программасын иштеп чыккан. 2022-жылы программадан 35 стартап  долбоор өткөн.

Магжан Мадиев, «ASTANA HUB» эл аралык технопаркынын башкы мүдүрү:

- Бизде Орусия, Кыргызстан, Украина, Монголия, Азербайжан, Тажикстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн компаниялар бар. Ошондой эле АКШ, Индия, Түштүк Корея, Сингапурдан келген компаниялар, 1000 ишкананын 800гө жакыны казакстандык ишканалар. Алар ар кандай эл аралык рыноктордо, негизинен Түндүк Америкада, Түштүк-Чыгыш Азияда иштейт.

Astana Hub  IT тармагын өнүктүрүү максатында кадрларды даярдоого да катышат. Касым-Жомарт Токаев 2025-жылга чейин кеминде жүз миң адисти даярдоону тапшырды. Ал эми алардын ар бир бешинчиси эл аралык технопарктын базасында иштелип чыккан TechOrda (tekOrda) программасы боюнча билим алып, квалификациясын жогорулатат.

Магжан Мадиев, «ASTANA HUB» эл аралык технопаркынын башкы мүдүрү:

- IT мектептерде билим алуу үчүн 3000 окуучуга 600 миң тенгеден берилет. Быйыл 3068 студент окуй баштады. Кийинки жылы 4 миң, андан кийин 5 миң студентти окутуу пландалууда. 4 жылдын ичинде жыйырма миң адиске колдоо көрсөтүү милдети турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков