Жаңы жыл жакындап калды. Казакстандыктар майрамга кызуу даярданып жатышат. Тургундар үйлөрүн жаңы жылдык балаты менен кооздоону салтка айландырышкан. Бүгүнкү күндө базарларда бул ийне жалбырактуу дарактын көптөгөн түрлөрү бар. Классикалык, ультра чыгармачыл, жандуу жана жасалма түрлөрү көп кездешет. Карагай менен арча казакстандыктар арасында чоң суроо-талапка ээ. Алар негизинен чет элден алынып келинет. Балатыны сатуучулардын айтымында, баасы 5 миңден 15 миң теңгеге чейин. Дарак канчалык бийик болсо, баасы ошончолук жогору болот. Быйылкы кыштын эң башкы хиты - кумурага отургузулган тирүү - Сибирь карагайлары. Өлчөмүнө жараша ижара акысы 18 миң теңгеден башталат.
Ерлан Алимбаев, сатуучу:
- Бир аз болсо да баалар көтөрүлдү. Транспорттун наркы да жогорулады. Жүк ташуу кымбаттады, Орусияда баалар көтөрүлдү.
Быйыл жасалма балатылар кымбаттады. Бул түрдүн курамында зыяндуу формальдегиддер жана фенол болбошу маанилүү. Жасалма дарактардын баасы 50-60 миңден башталып, жарым миллионго чейин жетүүсү мүмкүн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков