Astana hub мындай уникалдуу мүмкүнчүлүктү Түрк мамлекеттер уюмунун өлкөлөрүнүн эң мыкты 20 стартаптарына берет. Эл аралык технопарктын Draper University менен ушундай келишим түзгөн. Бул жогорку окуу жайы дүйнөнүн көптөгөн IT адистери үчүн ийгиликтин ачкычы болуп саналат. Анын көптөгөн бүтүрүүчүлөрү дүйнөлүк деңгээлде өз бизнесин өнүктүрүүдө. Белгилей кетсек, тараптар келишимге Калифорния штатында өлкөнүн санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри Багдад Мусиндин АКШга расмий сапарынын алкагында кол коюшкан. Эл аралык атаандаштыкка туруштук бере ала турган жаңы идеясы жана мобилдик долбоору бар дегендер арызын чын Куран айынын 17не чейин тапшырышы керек. Биринчи этапта 80 демилге тандалып алынат. Алар эки жумалык акселерация программасына катышышат. Алардын ичинен төрттөн бир бөлүгү гана дүйнөнүн алп компанияларынын тажрыйбасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк алат.
Алина Абдрахманова, ASTANA HUBдын башкаруучу мүдүрү:
- Draper University университети эң мыкты 20 долбоорду тандайт. Алар Кремний өрөөнүнө жарым жылга окууга барышат. Курс толугу менен оффлайн режиминде өтөт. Бул убакыттын ичинде, башкача айтканда, бир нече ай бою алар өз долбооруна инвесторлорду тартууга, жалпы өрөөндүн экосистемасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Бир катар өнөктөштөрдү табууга убакыт бар. Белгилүү фирмалардын өкүлдөрү менен жолугат. Өнүккөн инновациялык чөйрөдө өз долбоорун коргоо мүмкүнчүлүгү Борбордук Азияда, анын ичинде Казакстанда Түрк мамлекеттер уюмунун аймагында болуп көрбөгөндөй болгондугун баса белгилей кетүү керек. Аймактык стартаптар үчүн уникалдуу программа.
Серепчилердин айтымында, долбоордун катышуучуларына кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылат. Эң негизгиси технопарк алкагында билим алууга кеткен чыгымдарды өз мойнуна алат.
Алина Абдрахманова, ASTANA HUBдын башкаруучу мүдүрү:
- Программага катышуунун баасы 25 миң долларды түзөт. Astana Hub өз кардарларына 20 миң доллар субсидиялайт. Ага ылайык, стартап-долбоордун автору бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо үчүн болгону 5 миң доллар төлөшү керек. Бул казакстандык долбоорлорго гана тиешелүү. Башка өлкөлөрдөн келген катышуучулар 25 миң долларды толугу менен төлөшөт. Эгерде алар өз компаниясын Казакстанга көчүрүүгө же Астана Хабдын резиденти болууга макул болушса технопарк окуу акысынын 20 миң долларын субсидиялайт.
Бул жаатта белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 1060 компания Astana Hubдын резиденттери катары катталган. Алардын долбоорлорун жакшыртуу жолунда бир катар артыкчылыктары бар. Бул, негизинен, ар кандай салык жеңилдиктер, демилгени илгерилетүү жана аны андан ары өнүктүргөн акселерациялык программаларга катышуу, талдоочулук кеп-кеңештерди алуу жана өнүмдөрдү рынокко чыгарууга байланыштуу демөөрчүлүк иш-чаралар. Бул кызматтар акысыз көрсөтүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков