Чыгыштын укмуштуудай сыйкырдуу дүйнөсүн музыканын тили аркылуу жеткирүү. Борбор калаадагы Еркегали Рахмадиев атындагы мамлекеттик академиялык филармониянын симфониялык оркестри жергиликтүү искусство сүйүүчүлөргө чыгыш музыкасынын берметтерин тартуулады. Обондуу программага ата мекендик жана чет элдик белгилүү композиторлордун аталган темадагы шедеврлери кирген. Кеченин коноктору казакстандык скрипкачы Салтанат Орынбаева менен трубачы Дастан Мамырхановдун өнөрүнө күбө болушту. Классикалык музыканын концертине эл аралык жана республикалык конкурстардын лауреаты Калкаман Дүйсембаев жетекчилик кылды.
Калкаман Дүйсембаев, дирижёр, «Дарын» жаштар сыйлыгынын лауреаты:
– Концертибиздин идеясы эки-үч ай мурун келген. Концертте аткарылган чыгармалардын бири - Римский-Корсаковдун көптөн бери менин эң сүйүктүү оркестрлик чыгармасы болгон Шахеразада. Оркестрде ойноп жүргөндө ушул чыгармага дирижёрлук кылууну кыялданчумун. Бүгүнкү кечеде ушундай учур болуп турат. Кечебизди эл аралык деп айтууга болот. Анткени, Камиль Сент-Санс болот. Армян мамлекетинин композитору Александр Арутюнян, Римский-Корсаков жана Казак мамлекетинин композитору Курмангазы... Ар бир чыгармадан Чыгыштын мотивдерин табууга болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков