Мектеп окуучуларынын жаңычылдыгы

Мектеп окуучуларынын жаңычылдыгы

Сайт меңдерди сканерлеп, андан кийин нейрондук тармактын жардамы менен талдоо жасайт. Ал фотосүрөттөр аркылуу оорунун түрүн жана өзгөчөлүктөрүн аныктайт. Бул максатка жетүү үчүн 13 миң сүрөт боюнча жасалма интеллект үйрөтүлгөн. Маалыматтар топтому Гарвард университетинде сынактан өттү. 10 күнгө чейин созулган цитологиялык же гистологиялык изилдөөлөрдөн айырмалачылыгы бардык процесске болгону 5 секунд жумшалды. Азырынча бул сайт 9 ооруну аныктай алат. Жаш ойлоп табуучулар Ташкентте өтүүчү эл аралык стартап көргөзмөсүнө катышып, иштеп чыгууну жүзөгө ашыруу боюнча сунуш алууну пландап жатышат.

Арай Камалиева, Назарбаев интеллектуалдык мектебинин окуучусу:

- Биздин команда инженердик машина билимди толугу менен пайдаланып,  ишенимдүүлүктү 100% га чейин жогорулатууну көздөп жатат. Бул үчүн бизде бардык ресурстар бар. Биз КМШ өлкөлөрүнүн жергиликтүү китепканаларынын ресурстарын гана эмес, тышкы ресурстарды да колдонобуз. Биз жасалма интеллектибизди ассиметрия, меңдин түсү сыяктуу критерийлерди камтыганга үйрөтөбүз, ошону менен оорунун өнүгүү стадиясын тагыраак билүүгө, диагнозду так коюуга болот.

Бүгүнкү күндө Казакстанда онкологиялык оорулардын арасында тери рагы үчүнчү орунда турат. 2021-жылы өлкөдө 4 миң бейтапта илдет аныкталган. Былтыркыга салыштырмалуу тери оорулары 20%га өскөн.

Дина Төлеуова, Казакстан илимий изилдөө институтунун онкология жана радиология хирургу:

- Теринин меланомасы онкологиядагы агрессивдүү шишиктердин бири жана тез өнүккөн, метастаздуу жана акыр аягында оң натыйжа бербеген өзүнчө топ болуп саналат. Кээде адамдар денесиндеги меңдерди жабыркатып алып, кийин ал меланомага айланат. Биз аны башында байкабай калышыбыз толук мүмкүн. Мен ойлоп табуучу кыздардын тобу менен таанышып, алар бул диагноздорду кандай ыкмага таянып коюшканын көргүм келет. Учурда алар менен чогуу иштеп жатабыз. Бул мүмкүнчүлүктү да карап көрүш керек. Эгерде алардын иштеп чыгуулары ооруну алгачкы стадиясында аныктоого жардам берсе, колдонууга эмнеге болбосун?!

Которгон: Илгиз Жамалбеков