Астанага Silk Way
Star Азия вокалдык сынагынын биринчи катышуучусу – кытайлык белгилүү музыкант
Чжан Хэ Сюань келди. Кытайлык конкурсант өз мекенинде өзүнүн чыгармаларын жана улуттук
ырларын аткаруусу менен белгилүү. Ал Астанадагы аткаруусу үчүн казак ырын
даярдаган. Белгилей кетсек, Silk Way Star – бул Азиянын биринчи вокалдык
сынагы, анда 12 өлкөнүн өкүлдөрү жеңиш үчүн күрөшөт. «Silk Way Starды» тасмага
тартуу иштери шаршемби күнү башталат.
Чжан Хэ Сюань, «Silk
Way Starдын» Кытайлык катышуучусу:
- Мен Казакстанга биринчи
жолукелишим. Астананын кооз жерлери жана
жергиликтүү пейзаж менен таанышууга убакыт табууну пландаштырып жатам. Мен үчүн
бул конкурс - бул жөн гана атаандаштык эмес, бул биздин кытай маданиятыбыз
менен коомчулукту тааныштыруу мүмкүнчүлүгү. Мен казак тилинде ырдайм,
казакстандык көрүүчүлөрдүн жүрөгүн багындыргым келет.
Которгон: Назира Бегалиева

