Казакстандын Президенти салык Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду. Алар көйгөйлүү насыяларды эсептен чыгарууга байланыштуу микро каржылык уюмдардын кирешелерине салык салуудан убактылуу бошотууну карайт. Мындан тышкары, мыйзамда Улуттук фонддун кирешесинен балдарга которулган максаттуу аманаттарды салыктан бошотуу каралган. Ошондой эле, сотко кайрылганда мамлекет алымын төлөй албаган жарандар жана юридикалык жактар аны төлөө мөөнөтүн жылдыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул алардын конституциялык укугун толук камсыз кылат. Улуттук банктын ноталары боюнча салыктык кирешени кыскартууга мүмкүндүк берүүчү экинчи деңгээлдеги банктардын укуктары да жокко чыгарылды. Бирок алардын катышуучулары үчүн бардык атайын экономикалык аймактардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн салык жеңилдиктерин берүүгө дифференцияланган мамиле киргизилүүдө. Анын ичинде жеке адамдардын кирешелерин жана мүлкүн жалпыга бирдей декларациялоо боюнча кампаниянын алгачкы эки этабынын жыйынтыгын эске алуу менен алдыдагы процессти жөнөкөйлөтүү үчүн ченемдер каралган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков