Казакстандын борбор шаарында Astana Media Week форуму башталды

Казакстандын борбор шаарында Astana Media Week форуму башталды

Астана Медиа жумалыгы Казакстандын борборунда старт алды. Иш-чара тармактын адистерин, чет элдик платформаларды жана бийлик органдарынын өкүлдөрүн бириктирди. Быйылкы жылы форумга Борбор Азия, Европа, Азербайжан, Түркия, Казакстан жана Кытай өлкөлөрүнөн келген алдыңкы эл аралык жана улуттук медиаларды көрсөткөн спикерлер жана серепчилер келишти. Форумдун алкагында панелдик жана диалогдук сессияларды өткөрүү каралган. Форумдун үч күндүк биринчи күнүндөгү негизги сессиялардын бири журналистиканын келечегин өзгөрткөн санариптештирүү жана жасалма интеллект технологияларын киргизүү темасына арналды. Мындан тышкары, медиа аянтчада бир катар адистештирилген дисциплиналар жана багыттар боюнча практикалык мастер-класстар өткөрүлүүдө.


Бибигүл Куламан, Astana Media Week уюштуруу комитетинин мүчөсү:


- Негизги темалардын бири - бул санарип медиа. Башкача айтканда, бүгүнкү күндө салттуу медиа жана санарип медиа атаандаш болбошу керек. Алар ата мекендик медианы андан ары өнүктүрүү үчүн биригиши керек. Бизде мастер-класстар болот, анын ичинде катчылар үчүн каатчылык коммуникация боюнча мастер-класстар, ошондой эле казак тилин туура колдонуу - макалаларды жана сюжеттерди жазуу. Анын ичинде даректүү тасмаларды жаратуучулар үчүн мастер-класстар болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков