Казакстанда саламаттыкты сактоо жана социалдык кызмат көрсөтүүгө болгон инвестиция

Казакстанда саламаттыкты сактоо жана социалдык кызмат көрсөтүүгө болгон инвестиция

Казакстанда саламаттыкты сактоо жана социалдык кызмат көрсөтүү тармагына инвестициялардын өсүшү дээрлик 20%га жетти. Инвестициялардын негизги көлөмү өлкөнүн үч облусуна – Астана, Жамбыл жана Чыгыш Казакстан облустарына туура келген. Бул тууралуу finprom.kz маалымдады. Порталдын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 10 айында, ал дээрлик 169 миллиард теңгени түзгөн. Ошол эле учурда борборго 51 миллиард теңгеден ашык инвестициянын максималдуу көлөмү түштү. Эң аз каражат Атырау жана Улытау облустарына  – 447 жана 496 миллион теңге жумшалган. Аналитиктердин айтымында, бул тармактарга бөлүнгөн каражаттын үлүшү жергиликтүү бюджеттерден жана ишканалардын өздүк каражаттарынын эсебинен. Ал эми республикалык бюджеттин эсебинен инвестиция 35 миллиард теңгеден бир аз ашыгыраак болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков