Казакстандын борборуна Түркия, Жапония, Венгрия, Германия, Пакистан, Испания жана Орусиянын эң мыкты өнөрпоздору чогулушту. Борбор калаанын тургундары жана коноктору бир жума бою «Alem Saz» фестивалынын алкагында ар кайсы өлкөлөрдөн келген музыкаларды уга алышат. Долбоор дүйнө өлкөлөрүнүн тарыхый мурастарын жана маданий баалуулуктарын урматтоо менен улуттардын маданиятын бириктирүү, сактоо жана өнүктүрүү багытына негизделген. Астанада экинчи жолу уюштурулуп жаткан фестиваль 2022-жылы Казакстан менен дүйнөнүн 76 өлкөсүнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата өткөрүлгөн. Тогуздун айынын 3нө чейин созула турган иш-чаранын программасында концерттер, кино көрсөтүүлөр, көркөм кол өнөрчүлүк көргөзмөсү жана мастер-класстарды уюштуруу каралган. Фестивалдын көшөгөсүн испаниялык музыканттар Хито Малета жана Амос Лора ачышты. Белгилей кетсек, бул алардын өлкөгө биринчи сапары эмес. Келечекте өнөрпоздор ата мекендик кесиптештери менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар.
Амос Лора,
гитарачы (Испания):
-Джаз жана латын
элементтери камтылган фламенко чыгармаларынын программасын алып келдик. Бул
биздин түпкү чыгармаларыбыздын кошулмасы. Бул фестивалга катышканыбызга
кубанычтабыз, абдан кооз зал экен. Керемет, кооз шаар. Астана кооз имараттар
менен курчалып, шаардын стили өзгөчө. Ошондой эле, албетте, казактын
меймандостугу. Мага казактын домбрасынын үнү абдан жагат, Казакстандын улуттук
аспаптары менен жакындан таанышкым келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков