Жаш казак режиссёрунун «Таспа» анимациялык тасмасы дүйнөлүк беделдүү кино сынактарында 50дөн ашык түрдүү сыйлыктарды жана номинацияларды жеңип алды. Полла-Илария Козинонун кыска метраждуу тасмасы сыйкырдуу дүйнөдө капысынан ойгонуп, жолдо өзгөчө каармандарга жолуккан кыздын тагдырын баяндайт. Автордун айтымында, картинаны тартуу эки жыл мурун аяктаган. Бул убакыт аралыгында тасма АКШ, Европа, Орусия, Жапония жана Кытайдагы фестивалдарга катышып, дүйнөлүк кино сынчыларынын оң баасын алган. Белгилей кетсек, режиссёр Алматы шаарында туулуп өскөн.
Полла-Илария Козино, режиссёр
- «Таспа» - бул кыз жашаган сулуу дүйнөнү чагылдырган кыска метраждуу анимациялык фильм. Башкы каарман өз максатына жетүү үчүн көптөгөн тоскоолдуктарды жеңип өтөт. Бул абдан таасирдүү тасма. Чыныгы драма, анткени ал өмүр, өлүм темаларын жана биз өзүмчүлбүзбү же башка адамдарга кам көрөбүзбү? Деген чечимдерибиз жөнүндө ар кандай суроолорду көтөрөт. Мунун баары кыздын көзү менен, өзүнүн башынан өткөн тажрыйбасы. Ошондуктан бул абдан реалдуу окуя.
Эки жыл мурун казак режиссёру өзүнүн жеке анимациялык студиясын ачып, азыр бул багыттагы долбоорлордун үстүндө иштеп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков