Көкшетауда бүркүтчүлөрдүн «Кансонар» эл аралык мелдеши өттү. Ага өлкөнүн мүнүшкөрлөрү менен бирге Монголия, Кытай, Кыргызстан жана Түркиядан жалпы 60тан ашуун бүркүтчү катышты.
Мелдеште бүркүтчүлөрдүн кийим үлгүсүнө, кушту колго чакыруу, түлкүгө, коёнго салуу чеберчилигине баа берилди. Мында бүркүттөрдөн сырткары шумкарлар жана ителгилер да жарышты. 23-ирет уюштурулуп жаткан таймашта Астана шаарынын өкүлү Серикбек Күнтуган жеңүүчү аталды.
Аяжан Данияр, мүнүшкөр:
- Биздин мүнүшкөрлүк менен алектенип баштаганыбызга бир жарым жылдай болуп калды. Ушул убакытка чейин эки мелдешке катыштык. Бул экинчи жарышыбыз. Учурда бизди машыктырып жаткан устатыбыз убагында биздин спорттун бул түрүнө болгон жөндөмүбүздү байкап, бизди ушинтип даярдап жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков