Казакстан Украинадан өз жарандарын эвакуациялоону улантып жатат

Казакстан Украинадан өз жарандарын эвакуациялоону улантып жатат

Казакстан Украинадан өз жарандарын эвакуациялоону улантууда. Польша мамлекетине репатриациялык каттамдарды жергиликтүү Air Astana ички авиакомпаниясы ишке ашырат. Катовице аэропортунда учактарды андан ары кызмат көрсөтүүгө бардык шарттар түзүлгөн. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Украинада Казакстандын 2 миңдей жараны каттоодо турат.

Александр Небога, «Air Astana» авиа компаниясынын вице-президенти:

- Ал жерде биздин эки кызматкер бар, алар биздин европалык станциялардын кызматкерлери. Аэропорт менен толук байланыштабыз. Бардыгы бизге жардам колун сунуп, жүргүнчүлөрүбүздүн көздөгөн жерине – Казакстан Республикасына аман-эсен жетүү үчүн ар тараптуу жардам көрсөтүп жатышат.

Өлкөгө кайткан казакстандыктар ар тараптуу колдоо көрсөткөн дипломаттарга ыраазычылыгын билдиришүүдө.

Николай Татаренко, жүргүнчү:

- Тышкы иштер министрлиги телеграммда топ ачып, бардык маалыматтарды ошол жерге калтырган. Кимдерге байланышуу керектигине чейин айтылды. Ушул аркылуу кабардар болуп жаттык. Чек арадан өткөндөн кийин дароо тамактандырып, мейманканаларга жайгаштырды. Биздин жайгашкан жерибиз да абдан жакшы болду. Ушундай кыйын мезгилде да баары уюшкандыкта болгонуна таң калдым. Мунун баарын түшүмдө көргөндөй болуп жатам. Тынч заманга эмне жетсин. Мен Украинага иш сапар менен баргам.

Которгон: Илгиз Жамалбеков