Казакстанга түз чет элдик инвестициялардын рекорддук көлөмү тартылды

Казакстанга түз чет элдик инвестициялардын рекорддук көлөмү тартылды

Көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу 18%га көп. Ошондой эле, бул акыркы 10 жылда болуп көрбөгөн деңгээл. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Республикага тартылган инвестициянын көлөмү боюнча Нидерланды алдыда турат. Андан кийин АКШ, Швейцария, Бельгия, Орусия, Түштүк Корея, Кытай, Франция, Улуу Британия жана Германия. Инвестициялардын эң чоң үлүшү тоо-кен тармагына туура келет. Мындан тышкары кайра иштетүү өнөр жайына, дүң жана чекене соодага, кесиптик, илимий-техникалык тейлөөгө, транспортко жана курулушка каражаттар тартылган.