Казактын эр жүрөк ханы Касым Хан жөнүндө тасма тартылып жатат. Чыгарма «Улуу талаа таңы» деп аталат. Картинада Касым хандын жашоосу, ошол кездеги хандык бийлик жана Казак хандыгынын гүлдөп-өсүшү, чыңдалышы үчүн күрөш көрсөтүлөт. Фильмде Касым Хандын эл башкарган убакытын Берик Айтжанов, султан болгон учурун Данияр Оразаев ойнойт. Мындан тышкары, башкы ролдорду Айдос Абдыкадыров, Ерик Жолжаксынов, Нурлан Алимжанов, Тунгышбай Жаманкулов сыяктуу белгилүү актерлор ойношот. Жаш актер Данияр Оразаевдин айтымында, тандоодон кийин бир нече ай бою каскадёрлор тобу менен ат үстүндөгө спектаклдерде даярданган.
Данияр Оразаев, актер:
- Тарыхый кинонун жүгү өтө оор. Тартуу иштерине жалпысынан эки-үч ай болду. Жараян абдан кызыктуу, өзүңүздөр көрүп тургандай, таң аткандан күн батканга чейин ат үстүндө жүрөбүз. Касым Хандын мүнөзүн тууроо өтө кыйын. Албетте, мен аны мүнөздүү, айбаттуу, күчтүү, кайраттуу султан, хан болгон деп элестетем.
Фильмдин учурдагы тартылышы Капчагай шаарынын жанында жүрүп жатат. Тарыхый кинотасманын режиссеру Акан Сатаевдин айтымында, тартуу тобу теке айынын башында Алматы облусунун Кеген айылынын жанындагы Касым Хан айылында да тартылып, андан кийин Иле дарыясынын жээгинде аталган тасмага ылайыкташтырылган «Түркестан» декорациясында улантылат.
Акан Сатаев, режиссер:
- Тартуу иштери жакшы жүрүп жатат, иштин жарымы аяктап калды. Бүгүн тасма тартуунун 41-күнү, биз чечүүчү жана татаал көрүнүштөрдүн бирин тартып жатабыз. Тактап айтканда, Улуутауга жакын жердеги ири салгылашууну тасмага түшүрөбүз. Тартууга 300дөй адам катышат - 56 каскадёр, 200дөн ашык чабандес. Иш план боюнча жүрүп жатат.
Тарыхтан белгилүү болгондой, Касым хан өзүнүн алысты көрө билген саясаты менен элинин сүймөнчүлүгүнө айланган. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата тасманын бет ачары бештин айында өтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков