Өкмөт Абай облусунун өнүктүрүү планын бекитти

Өкмөт Абай облусунун өнүктүрүү планын бекитти

Өлкө өкмөтү Абай облусунун 2023-2027-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн комплекстүү планын бекитти. Документ 100дөн ашык иш-чараларды камтыйт. Анын алкагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, турак жай, социалдык жана инфраструктураны өнүктүрүү, жарандык коргонуу жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүү көздөлгөн. Пландын жалпы бюджети 1,9 триллион теңгеге жакын. Негизги бөлүгүн жеке инвестициялар түзөт. Натыйжада облуста өнөр жай жана айыл чарба өнүмдөрүнүн көлөмү 1,5 эсеге, инвестиция 3,5 эсеге өсөт. Ичүүчү таза суу аймактын бардык айылдарына жетип, 14 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеко