Алматыда жалган куран айынын 20 баштап жаңы карантиндик чектөөлөр киргизилет. Ага ылайык, ишемби жана жекшемби күндөрү көңүл ачуу борборлору жана соода борборлору жабык болот. Майрам күндөрү саат 10:00дөн 17:00гө чейин, ал эми иш күндөрү кечки саат 21:00гө чейин иштейт. Мындан тышкары, дем алыш күндөрү азык-түлүк базарлары жабык болот. Жалган куран айынын 20 баштап майрам күндөрү аяктаганга чейин мегаполисте коомдук транспорттордун жүрүү убактысы кыскарат, башкача айтканда, саат 22:00гө чейин каттайт. Ал тургай «Медеу» муз аянтчасы дагы кардарларды кабыл албайт. Балдарды түзөтүү мекемелеринин жана билим берүү борборлорунун, кинотеатрлар менен концерттик залдардын иштешине тыюу салынат. Ошондой эле, спорттук иш-чаралар көрүүчүлөрсүз өткөрүлөт. Белгилей кетсек, Алматы облусунда коронавирустук инфекциялардын көбөйүшүнө байланыштуу карантиндик чаралар күчөтүлөт. Аймакта дем алыш күндөрү локдаун киргизилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков