Алматыда эл аралык куурчак театрларынын фестивалы өтүүдө

Алматыда эл аралык куурчак фестивалы өтүп жатат. Республика күнүнө карата уюштурулган иш-чарага Польша, Грузия, Болгария, Түркия, Өзбекстан жана Казакстандан 150 куурчак ойнотуучу артист менен 14 театр тобу мыкты спектаклдерин көрсөтүштү. Ар бир топтун репертуарында бир нече спектакль бар. Мындай масштабдуу иш-чарага уюштуруучулар эки жылдан бери даярданып келишкен. Чоң фестивалды Казакстанда уюштуруу чечими дүйнө жүзүн кыдырып, тажрыйба топтогондон кийин кабыл алынган. Белгилей кетсек, Мамлекеттик куурчак театры 80 жылдан ашык ишмердүүлүгүндө Кытай, Түркия, Чехия, Жапония, Тажикстан мамлекеттеринде өткөн эл аралык фестивалдарга катышып келген.

Еркебулан Кабдыл, Алматы шаарынын мамлекеттик куурчак театрынын көркөм жетекчиси:
- Узак жылдар бою тажрыйба топтоп келдик. Эми минтип фестиваль уюштуруп жатабыз. Иш-чарага Түркиядан, Польшадан коноктор келип, өздөрүнүн мыкты спектаклдерин коюп жатат.  Өзбек театрын өзгөчө белгилей кетүү керек. Алар ар дайым жогорку деңгээлдеги спектаклдерди тартуулашат. Биз аны дайыма чыгыш театры деп атайбыз. Алардын улуттук ырлары, бийлери бар. Ошондой эле, быйыл Польшага барабыз. Бул өлкөнүн спектаклин быйыл биринчи жолу көрөбүз. Жалпысынан, бул өлкөдө спектаклге кандай даярданышат, артисттеринин даярдыгы кандай жүрөт, ошонун баарын көрүү бизге кызык болуп жатат.  

Чеберлер өз спектаклдеринде түрдүү техникалар менен ыкмаларды колдонушту. Классикалык колго жасалган куурчактардан заманбап мультимедиялык өндүрүшкө чейин көрүүгө болот. Өзбекстандан келген актёрлор чыгармачылыкта чек жок деп эсептешет. Бул фестиваль дүйнөдөгү куурчак театрларынын өнүгүшүнө чоң түрткү берери шексиз.

Санжар Исмаилов, Фергана куурчак театрынын актёру:
- Биз куурчак маданиятын байытууга салым кошуп, жаңы, кызыктуу көркөм чыгармаларды жаратууга шыктандырган билимибиз жана тажрыйбабыз менен бөлүшүү үчүн дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан чогулдук.

Фестиваль тогуздун айынын 24дө аяктайт. Калыстар мыкты режиссёр, куурчак ойнотуучуну жана актёрдук ансамблди тандашат. Спектаклдерден тышкары дарстар, мастер-класстар уюштурулат. Катышуучулар бул фестиваль - эл аралык байланыштарды, куурчак театрларынын кызматташтыгын чыңдап, аталган искусствонун аброюн көтөрөт деген пикирде.

Которгон: Илгиз Жамалбеков