Бул жылдын баш оона айынын 1не карата 9077 этникалык казак ата-мекенине кайтып келип, кандаш макамын алышкан. Ал эми эгемендүүлүк жылдарында 1 миллион 100 миңге жакын адам атамекенге кадам таштаган. Аларды жайгаштыруу жана адаптациялоо максатында мамлекеттик колдоо чаралары каралган. Ага жайлуу көчүрүү, турак-жайды ижарага алуу, жумушка орноштуруу жана башка жеңилдиктер кирет. Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин өкүлүнүн айтымында, колдоо көрсөтүүнүн маанилүү чараларынын бири – кандаштар менен иммигранттарды кабыл алуунун аймактык квотасы.
Дастан Айткулов, Казакстандын эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин миграция жараяндарына мониторинг жүргүзүү башкармалыгынын башчысы:
- Кандаштарга эң негизги көрсөтүлгөн жардам – «Өкмөт аныктаган аймактар» деп аталат. Бул биздин Түндүк облустарыбыз – Түндүк Казакстан, Костанай, Акмола, Павлодар, Абай, Чыгыш Казакстан облустары. Аймактарга көчүп барган кандаштарыбызга учурда ай сайын төлөнүүчү 70 айлык эсептик көрсөткүчтө төлөм берилет. Бүгүнкү күндө ал 214 миң теңгеге барабар. Жана барган аймагында жашоо үчүн 12 ай бою турак жай-коммуналдык кызматтарды төлөөгө каражат берилип турат.
Мындан тышкары, этникалык казактарга өлкө аймагына киргенде транспортту кошо алганда жеке колдонуудагы мүлк, бажы төлөмдөрүнөн бошотуу, орто жана жогорку окуу жайларына кабыл алуу квотасынын чегинде билим алуу, Казакстандын жарандары менен тең укукта ишке орноштурууга көмөктөшүү чаралары менен камсыздоо сыяктуу колдоо көрсөтүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков