Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө борбор калаадагы өзгөчө муктаж 100дөн ашык балдар үчүн Бурабай улуттук жаратылыш паркына экскурсия уюштурулду. Тарбия берүүчү иш-чара Ботай музейинен башталды. Андан соң «Абылай хан» аянтында уланып, «Визит» борборунда аяктады.
Амангелди Кайырбеков, «Кулыншак» өзгөчө муктаж балдарга арналган кайрымдуулук фондунун жетекчиси:
- Көптөгөн тарыхчылар бул жерлер өзгөчө энергиясы бар ыйык жерлер деп эсептешет. Балдарыбыз, ата-энелерибиз ушундай ыйык жерлерди кыдыруу менен күч-кубат алууда. 2009-жылдан бери бул аймакка келип жүргөн балдардын айтымында, алардын алган таасирлерин сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Мындай иш-чаралар ой жүгүртүүлөрүн кеңейтүүгө, ден соолуктарын чыңдоого жана нерв системасын калыбына келтирүүгө чоң таасирин тийгизет.
Өспүрүмдөр заманбап технологияга негизделген оюндар аркылуу тарыхый билимдерин кеңейте алышты. Мультимедиалык интерактивдүү комплекстте салгылашууларга, ат чабыштарга, жаа атууларга катышып, виртуалдык падышалар менен сүрөткө түшүүгө болот. Ал эми 5D аттракционунда самрук кушунун канатына минген балдар өлкөнүн эң кооз жерлерине саякатташты.
Зульфия Тилеуова, көп балалуу эне:
- Негизи бардык балдар тарыхты, айлана-чөйрөнү билиши абдан маанилүү деп ойлойм. Майрам күнү ушундай иш-чараны уюштурган адамдарга терең ыраазычылык билдирем. Менин башка дени сак балдарыма караганда өзгөчө камкордукка муктаж балдарым абдан таасирленишти. Жаныбарларды, курт-кумурскаларды көргөндө абдан сүйүнүп таасир алышты.
Белгилей кетсек, иш-чара Казакстан Республикасынын Президентинин аппаратынын колдоосу менен «Кулыншак» фонду тарабынан уюштурулду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков