Алматыда өткөн эл аралык форумда Борбордук Азиянын биоартүрдүүлүгүн
сактоо талкууланды. БУУ Өнүктүрүү программасында, ЮНЕСКОнун, ФАОнун серепчилери, жакынкы жана алыскы
чет өлкөлөрдүн окумуштуулары жердин деградациясын кантип токтотууну, флора
менен фаунанын сейрек түрлөрүн сактап калууну чечишти. Суу ресурстарынын
азайышы жана чөлгө айлануу экологдордун тынчсыздануусун жаратууда. Алсак,
Казакстанда аймактын 5%ын гана токой ээлейт. Окумуштуулар бул кырдаалда
жапайы бак дарактар жардам берет
дешет. Алардын ичинде-сиверс алма дарагы бар. Бул дарактар кургак шарттарда
өсүп, чөлгө айланууну токтото алат.
Тимур Турдиев, Өсүмдүктөрдүн биология жана биотехнология институтунун
жетектөөчү илимий кызматкери:
- Бүгүнкү күндө коруктун 50-60%ы активдүү калыбына келтирилип, анда алма
бактарынын табигый популяциялары өсүүдө. Сиверс алма
бактары жигердүү көбөйтүлгөн
лабораториялар ачылып, жабык тамыр системасы бар көчөттөр алынууда.
Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун ийгиликтүү мисалдары бар. Казакстанда ак илбирстердин саны эки эсеге көбөйүп, сайгактардын саны да өстү. Мунун баары жаңы коруктарды түзүүнүн аркасында. Окумуштууларга «Сигма» мобилдик комплекси сунушталды. Ал токой өрттөрү менен күрөшүүгө жардам берет. Жасалма интеллекттин жардамы менен өрттүн өнүгүшүн болжолдоп, керектүү чараларды көрүүгө болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

